Президент Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алды.
Президент спортчуларга өлкө туусун тапшырды
1
Өлкө башчысы аларга ийгилик каалап, эл аралык мелдеште өлкө атынан татыктуу мелдеш көрсөтүүгө чакырды.
2
“Олимп оюндарына таза күрөш аркылуу жолдомо алдыңыздар. Бул силер үчүн жетишкендик. Эгер жеңиш менен кайтсаңар силерди колубузга көтөрүп жүрөбүз”, - деди Атамбаев.
3
Атамбаев ошондой эле өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай спортчуларды колдоого аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
4
Жолугушууда Кыргызстандын командасынын капитаны спортчу Арсен Эралиевге өлкө туусун тапшырды.
5
Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу катышат. Буга чейин өкмөт 1-орун алган спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекиткен.
6
XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат.
7
8
9
10
11