Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Пхеньян Москвага миңдеген аскер жана сапёр жөнөткөнү кабарланды


Түндүк Кореянын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Түндүк Кореянын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы (NIS) Түндүк Корея Орусияга 5 миң аскер куруучуларын жибергенин парламенттеги жабык жыйында билдирди. "Рёнхап" агенттиги маалыматты парламент депутатына шилтеме кылып таратты.

Депутаттын сөзүнө караганда, аскер куруучулары Орусияга сентябрь айынан бери жиберилүүдө, алар инфраструктураны калыбына келтирүүгө иштешет.

Ошондой эле Пхеньян Москвага 1 миңдей сапер жибергени, алар Курск аймагын минадан тазалоого тартылары кабарланды. Былтыр августтан быйыл жаз мезгилине чейинки болгон бул аймактагы кармаштарга Түндүк Кореядан жөнөтүлгөн аскерлер да катышкан.

АКШнын чалгын кызматы кабарлагандай, согушка 10 миңден ашуун түндүккореялык аскер катышкан. Алардын бир нече миңи набыт болуп, жаракат алышкан. 2025-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин бир канча жолу Курскидеги согушка катышканы үчүн түндүккореялык аскерлерге ыраазычылык билдирген. Аскерлерин Орусиядагы согушка жибергенин Түндүк Кореянын борбордук телеграф агенттиги да ырастаган.

Быйыл июнда ТАСС агенттиги Пхеньянда Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымдап жатып Пхеньян Орусияга 1 миң сапер жана 5 миң аскердик куруучу жиберүүнү убада кылганын жазган.

Ошол эле учурда АКШнын чалгын кызматы жаңы келгендерден тышкары Орусиянын чек ара аймактарында болжол менен Түндүк Кореянын 10 миң аскери бар экенин билдирди. Акыркы айларда алардын согуштук аракеттерге катышканы тууралуу маалымат болгон жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG