Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 07, 2025АКШ - Борбор Азия алакасында "жаңы доор" башталдыбы?
-
Ноябрь 07, 2025Бишкек соту Жоомарт Карабаевдин эркиндигин үч жылга чектеди
-
Ноябрь 07, 2025Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
-
Ноябрь 06, 2025"Кара алтындын" баасы канча?
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Мамданинин жеңиши