Кайнатасы тууралуу блог тарткан элеттик келин
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Бактыгүл Дөнөнбаева соцтармактарга кайнатасы тууралуу блог чыгарат. Төрт баланын энеси учурда декретте. 60 жаштагы кайнатасы Рыскулбек Сатылгановдун эки көзү көрбөй калган. Видеолордон кайнатасы от жагып, суу ташып, келинине жардам берип жатканын көрүүгө болот. Бактыгүл бул блог менен келинге жана кайын журтка байланыштуу стереотиптерди жок кылгысы келет. Ал келинди өз кызындай көргөн үй-бүлөлөр көбөйсө экен деп тилейт.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Июль 05, 2025Кыргыз жылкысы жоголуу коркунучундабы?
-
Март 11, 2025Мотороллерге курбуларын салып, айылчылаган Күмүшай апа
-
Январь 31, 2025“Эне” спектакли - ата-эне, бала үчүн сабак
-
Январь 28, 2025"Көчөдөгү кагаздар аркылуу жаштардын үнүн жеткирем"
-
Январь 03, 2025Курулуштагы мээнеткеч каармандар