Улуттук валюта – сомдун кабыл алынганына 29 жыл болду. Сом чейрек кылымдан ашуун ар кыл шартта туруктуулугун сактаган улуттук валюталардын катарына кирди. Орусия-Украина согушунан улам пайда болгон дүйнөлүк валюта кризиси кыргыз сомунда да олку-солкулукту жаратууда. Биз Кыргызстандагы бүгүнкү акча саясатын, сомдун кунуна байланышкан бүгүнкү оош-кыйыштарды, алдыдагы тобокелчиликтерди жана келечегин адистер менен "Арай көз чарайда" талкуулайбыз. Улуттук Банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, акча алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрага орун басары Азамат Алмазбеков, “Енвой Вижион” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы Алмаз Шабданов катышат.
Украин-орус кризисинин кыргыз сомуна таасири
Чыгарылыштар
-
Февраль 01, 2024Мамлекеттик ипотека: Кантип үй алса болот?
-
Январь 23, 2024"Жер титирөөдөн коргонуу үчүн сапаттуу үй-жай салуу керек"
-
Декабрь 12, 2023"Кыргызстанда тынч жыйынга чогулуу маданияты жогору"
-
Август 19, 2023Кылмыштуу топторго каршы күрөштүн акыбети көрүнөбү?
-
Июль 12, 2023Прокуратурадан тергөөнү алуу сот ишин жакшыртабы?
-
Июнь 15, 2023Кыргызстан PhD даражасын эмнеге тааныбайт?