Кыргыз-казак чек арасында эки бекет кайра ачылат
Израил Тегерандын чабуулуна жооп катары Ирандын аймагына ракета менен сокку урду. Эл аралык коомчулук "Жакынкы Чыгышта чыңалуу курчуп кетиши мүмкүн" деп кооптонууда. Астанада Кыргызтандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки өткөрмө бекеттин ишин жандантууну макулдашты. Буга чейин чек арада ондогон автоунаа күндөп туруп калып жаткан. Салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалган экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошоду. Атайын кызмат экс-депутат казынага 150 млн сом төлөп бергенин билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, активист Акжолтой Тукунов кармалды.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 06, 2025"Кара алтындын" баасы канча?
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Мамданинин жеңиши
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди
-
Ноябрь 04, 2025Номад ТВ: Жаңы телеканалдын артында ким турат?