Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

АКШнын мамкатчысы Марко Рубио келерки жылы Борбор Азияга келет


Марко Рубио
Марко Рубио

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда 2026-жылы бул аймакка келүү максатын билдирди. Жолугушуу 6-ноябрда Мамлекеттик департаменттин Вашингтондогу имаратында, "Борбор Азия - АКШ" саммитинин алдында өттү.

Марко Рубио ошондой эле өзүнүн орун басары Кристофер Ландау менен АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча өкүлү Сержио Гордун сентябрь айындагы Казакстанга жана Өзбекстанга сапарын эске салды.

"Алар аймакта аз эмес убакыт жүрүштү, алар бул жолу жете албай калган башка өлкөлөргө да барууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билем. Мен жеке өзүм келерки жылы бул өлкөлөргө - бешөөнө тең барууну пландап жатам. Бул апталык же андан да узагыраак сапар болот. Ошондуктан мунун үстүнөн чогуу иштешибиз керек" - деди Рубио.

АКШ мамкатчысы мындай жолугушуудан бери 10 жыл өткөнүн белгиледи. Ал АКШ Борбор Азияга жетиштүү көңүл бурбай келгенин да айтты.

6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан саммит өттү. Анда чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдардын ири запастары талкууланары кабарланган.

C5+1 саммити АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген платформа. АКШ Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүү үчүн С5+1 платформасын 10 жыл мурун түзгөн.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG