Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Токмоктун мурдагы мэри Нусувалиев 13 жылга кесилди


Максат Нусувалиев. Архив сүрөт.
Максат Нусувалиев. Архив сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун өкүмү менен Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу 7-ноябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен айыптуу деп тапты. Мүлкү конфискацияланмай болду. Курулуш менен алектенүүгө тыюу салынып, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги түзөтүү абагында өтөөгө өкүм кылынды.

Мурдагы мэр менен чогуу кармалган дагы үч адам: К. Т. Э, Т. у. А. жана И. Г. Ж. ар бири 12 жылдан эркиндигинен ажыратылышты. Сот алардын да мүлкү конфискациялоого жатат деп тапты. Айыптуу деп табылган дагы бир А. А. Ж. аттуу жаран 11 жылга соттолуп, жалпы режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөөгө өкүм кылынды. Баарына курулуш менен алектенүүгө тыюу салынды.

Нусувалиев мэриянын төрт кызматкери менен быйыл 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген айып тагылган.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

Айыпталгандардын жакындары менен адвокаттары коюлган айыптар жана сот өкүмү боюнча комментарий бере элек. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG