Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

ХАМАС Израилге дагы бир туткундун сөөгүн өткөрүп берди


Израилдик туткундун сөөгүн жеткирип бараткан унаа. Газа. 27-октябрь, 2025-жыл.
Израилдик туткундун сөөгүн жеткирип бараткан унаа. Газа. 27-октябрь, 2025-жыл.

ХАМАС (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган) радикал тобу Израилге 2023-жылы октябрда барымтага алынган дагы бир адамдын сөөгү салынган табытты өткөрүп берди. Бул тууралуу Израил армиясы ЦАХАЛ билдирди.

ХАМАС маркумдун аты-жөнүн ачыктаган жок. Радикал топтун маалыматына караганда, сөөк Газанын Шежайя районунан табылган.

Шаршембиде Израил Газага 15 палестиндин сөөгүн өткөрүп берген. Алар Хан-Юнистеги Насер ооруканасына жеткирилгенин Associated Press медициналык мекеменин маалыматына шилтеме кылып жазды.

Израил менен ХАМАС 10-октябрда күчүнө кирген согушту токтотуу келишиминин негизинде каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берүүнү улантууда.

ХАМАС израилдик тирүү 20 туткундун баарын камактагы 2 миңдей палестинге алмаштырып, бошоткон. Радикал топ набыт болгон туткундардын баарынын да сөөгүн берүүгө убада кылган, бирок талкаланган Газада сөөк издөө кыйынчылыкка туруп жатканын маалымдоодо. Израил ХАМАСты процессти солгундатып жатат деп айыптоодо.

Шерине

XS
SM
MD
LG